• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Тазалык" муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы кыш мезгилине даяр, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаардык жолдордун өтүүчү бөлүгүнөн карды 38 атайын унаа тазалайт.

Анын ичинен: МАЗ базасында кар тазалоочу 25 даана унаа, ЗИЛ-130 базасында кум чачуучу 1 унаа, 2 данаа фронталдык жүктөгүч, щетка жана күрөк менен 5 Беларусь трактору, "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык 5 автоунаа.

Аялдамалардан жана жолдордун жээгиндеги тротуарлардан карды тазалоо учурдагы жолдорду күтүү боюнча 715 жумушчу жана 121 жүк ташуучу тарабынан автосамосвалдарга кол менен жүктөө аркылуу ишке ашырылат.

Кыш мезгилине 1,5 тонна туз, 4 миң тонна жуулган кум даярдалып, кум эң акыркы чара катары колдонулат.

Оперативдүүлүк үчүн төмөнкү диспетчердик кызмат түзүлдү: 0 (312) 34 00 21.

Белгилей кетсек, күз-кыш тазалоо мезгили 1-ноябрдан башталып, марттын башында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий