• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 17,4 млрд кВт/с түзөт

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын электр энергиясын жылдык керектөөсү 17 млрд 400 млн кВт/саатка чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 14 млрд кВт/саат электр энергиясы Кыргызстандын өзүндө өндүрүлсө, калган 3,5 млрд кВт/с чейин электр электр энергиясы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3,150 млрд кВт/сааты импорттолду.

Министр жетпеген электр энергиясы төмөнкү өлкөлөрдөн импорттолорун белгиледи:

- Казакстандан - 981 млн кВт/саатка келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө - 981 млн кВт/саат импорттолду (жайкы мезгилде товар алмашуу менен 54 млн кВт/саат берилген);
- Түркмөнстандан - 1 млрд 600 млн кВт/саатка келишим түзүлгөн, бүгункү күндө - 1 млрд 590 млн кВт/саат алынды (келишимде дагы бир пункта импортту 30%га чейин көбөйтүү каралган, башкача айтканда 2 млрд кВт/саат алууга мүмкүнчүлүк бар);
- Өзбекстандан - 146 млн кВт/саат электр энергиясы алынды, мунун 82 млн кВт/сааты товар алмашуу менен берилген;
- Россиядан - 272 млн кВт/саат импорттоо келишими түзүлгөн.

"Ошентип, биз быйылкы жылы 17,4 млрд кВт/саат колдонуу менен чыгабыз деген пландарыбыз бар", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий