• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2022-жылы республикалык бюджеттин чыгашасы 283,3 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 283 млрд 366,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 93,2%га аткарылды (304 млрд 043,9 млн сом болгон).

Маалыматка ылайык, ИДПга карата республикалык бюджеттин чыгымдары 31,0% ды түздү.

Бюджеттик мекемелердин социалдык маанилүү беренелери боюнча келип түшкөн бардык заявкалар толук көлөмдө канааттандырылган, анын ичинде эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, тамактануу, компенсациялар, пособиялар, стипендиялар жана мамлекеттик карызды тейлөө беренелерин камтыйт.

Корголгон беренелер боюнча чыгымдар:

- эмгек акы төлөө фонду боюнча 75 156,4 млн сом;

- Социалдык фондго төлөмдөр 9 615,9 млн сом;

- медициналык кызмат жана товарларды сатып алуу 1 224,4 млн сом;

- социалдык камсыздоо жана калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча 16 763,1 млн.сом.

Финансы министрлиги салыктык келип түшүүлөрдү фискалдаштыруу жана башкарууну жакшыртуу боюнча активдүү ишти улантуу менен кирешенин өсүү темпин олуттуу деңгээлде сактоого жетишти.

Пикир

Оставить комментарий