• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматы 2022-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды

Экономика 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын I кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча такталган маалыматтарга ылайык, бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү. 2021-жылдын 1-кварталы менен салыштырганда түшүүлөр 5,8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168,3% түзгөн.

"КР Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109,2% аткарылган же 1,2 млрд сомго көп чогултулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий