• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен анын Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Өз ара сооданы көбөйтүү жана товар жүгүртүүнүн көлөмүн эки миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү максатында кызматташууну мындан ары да активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Ушуга байланыштуу Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүүнүн жана ачуунун маанилүүлүгү экономикалык өнүгүүгө, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтык байланыштарды кеңейтүүгө оң таасирин тийгизе тургандыгы белгиленди.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр дүйнөдөгү учурдагы кырдаал, эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алышты, бийик жана жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды, ошондой эле Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун жана Бишкекте боло турган Борбордук Азия – ЕККУнун жогорку деңгээлдеги отурумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий