• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров менен Владимир Путин 24-майда Сочиде жолугушат

Саясат 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын 24-майында Сочиде жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.

«Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык алакалар чыңдалууда. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат. Россия жана Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташып келет. Биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошууда. Ушул жана башка маселелер боюнча 24-майда Сочиде президент Садыр Жапаров менен болчу жолугушууда кеңири сөз кылабыз», - деп билдирген Путин элчилерден ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алып жатып.

Эске сала кетсек, Путинге КРнын элчиси Гүлнара-Клара Самат ишеним грамотасын тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий