• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Ирандагы элчиси Экономикалык Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кечээ, 3-августта Тегеран шаарында Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУнун) башкы катчысы Хади Солейманпурдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алдындагы КРнын туруктуу өкүлү катары Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Ишеним грамоталарын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЭКУнун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана регионалдык экономикалык интеграция маселелери, атап айтканда соода жана инвестиция, транспорт жана коммуникация, энергетика жана туризм сыяктуу ушундай артыкчылыктуу багыттарда өз ара аракеттенүүлөрдү мындан ары күчөтүү зарылдыгына көңүл бурушту.

ЭКУнун башкы катчысы Хади Солейманпур Кыргызстандын Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгүн жогору баалап, ЭКУнун алкагында көп тараптуу кызматташуунун күн тартибинин актуалдуу маселелерин кароодо кыргыз тараптын активдүү катышкандыгын жана конструктивдүү көмөк көрсөткөндүгүн белгиледи.

ЭКУнун алкагында регионалдык кызматташууну бекемдөө максатында тараптар Уюмдун негизги принциптерин кармана тургандыктарын тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий