• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюму тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, 2023-жылда биргеликте жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгын чыгарышты жана 2024-жылга карата кызматташуу пландарын, алдыдагы иш сапарларды, эл аралык жана аймактык иш-чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча БУУ тутумунун алкактык программасын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор боюнча ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча улуттук Жол картасын андан ары, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун инвестицияларын тартуу жолу менен практикалык ишке ашыруунун зарылдыгын талкуулашты.

БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору мындай демилгелердин маанилүүлүгүн оң белгилеп, тоо-кен тармагынын күн тартиби боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Министр Жээнбек Кулубаев кыргыз тараптын кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады, ошондой эле БУУ тутумунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө колдоо жана көмөк көрсөтүлө тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде, БУУ тутумунун туруктуу координатору анын бардык ишмердүүлүгү Кыргызстандын министрлер кабинетине, анын мамлекеттик органдарына жана өлкөнүн калкына колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгиледи.

Ошондой эле Антье Граве жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгилеп, бул үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий