• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Идрис Кадыркулов Молдованын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Кишинев шаарындагы президенттик сарайда Кыргызстандын Молдовадагы элчиси Идрис Кадыркуловдун (Киев шаарындагы резиденция менен бирге) аталган өлкөнүн президенти Майя Сандуга ишеним грамоталарын тапшыруу расмий аземи өттү.т Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Молдованын башчысы өлкөлөрдү тарыхый достук мамилелер жана эркин коом менен парламенттик республикаларды куруу жолунда заманбап демократиялык жетишкендиктер байланыштырып турганын белгиледи.

Элчи Кадыркуловдун азыркы кыргыз-молдова мамилелеринин деңгээли эки өлкөнүн болгон потенциалына жооп бербейт деген пикирине толугу менен кошулду.

"Элчи өз кезегинде Модавиянын биринчи президенти Мирча Снегурдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Ал ошондой эле, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги саясий диалогду жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-молдова өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу аркылуу, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептээрин билдирди", - деп кошумчалашты тышкы саясий ведомствонун маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий