• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев Россиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кечээ, 5-августта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козловду Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграция чөйрөсүндө аймактар аралык кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

Тараптар 9-Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясын, Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумун, Кыргыз-Свердловск өкмөттөр аралык комиссиясын өткөрүү боюнча ишти өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Р.Казакбаев Бишкек шаарында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун эстелигин жаңыртуу маселесин илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Свердлов районунун өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Маектештер КР менен РФ ортосундагы союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана конструктивдүү диалогду улантуу үчүн динамикалык өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий