• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун аткарган иштери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун ортосунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер, 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулап, калган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий