• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров "Алгакадам" ирригациялык каналынын курулушу менен таанышты

Президент 0


Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кадамжай шаарында жайгашкан “Алгакадам” ирригациялык каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ирригациялык каналдын курулушу 2022-жылдын апрелинде башталган. Канал 4200 га жерди сугат суу менен камсыз кылат. Каналдын жалпы узундугу 24,9 км, ал жалпы узундугу 6,3 км болгон үч тоннелди камтыйт:

- “Президенттик” - 2,7 км;
- “Премьер” - 1,9 км;
- “Кеңешчи” - 1,6 км.

Бүгүнкү күндө тоннелдин 741 метри курулуп бүткөн. Долбоорду жергиликтүү тургундар демилгелеп, кийинчерээк аны Президент Садыр Жапаров колдогон. Каржылоо мамлекеттин жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Президенттин фондунан “Алгакадам” коомдук фондуна 50 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, ирригациялык объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнүп, Баткен облусун өнүктүрүү фондуна которулган. Долбоордун болжолдуу сметалык наркы 2 млрд 972 млн сомду түзөт. Объектти 2027-жылы ишке берүү пландалууда.

Мамлекет башчысы стратегиялык объектини куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да мамлекет керек болгон колдоо көрсөтөөрүн айтты. Ал жакынкы күндөрү дагы 100 млн сом кошумча каражат бөлөрүн билдирди.

Андан кийин президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын жанында кыргыз философу, акын-жазуучу, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата орнотулган эстеликтин ачылышына катышты.

Пикир

Оставить комментарий