• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Түркмөнстан ортосундагы Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиси бар бир мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу мамлекеттердин ар биринин укугун бөлүштүрүү эрежелерин аныктайт.

Мындан тышкары, бул Макулдашуу бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргоо болуп саналат, ал салык салуудан качуунун же макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууга өбөлгө түзөт.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркмөн тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий