• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды – президент

Президент 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды, - деди президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүүнүн стандарттары толугу менен каралып чыккандыгын билдирди.

"Мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, ондогон жылдар бою бир ордунда отурган директорлор алмашты. Кошумча каржы булактары табылып, мугалимдердин айлыгы сезилерлик деңгээлде көтөрүлдү. Бул алардын шыктануусуна, жигердүү иштешине дем-күч болуп, чоң түрткү берди", - деди ал.

Президенттин айтуусуна караганда, замандын талабына жараша мамлекет илим тармагын өнүктүрүү үчүн жаңыча билим берүү ыкмаларын иштеп чыгуу процессине өзгөчө көңүл бура баштады. Илим менен инновациялык өндүрүш тыгыз байланышта болуп, атаандаштык экономикада олуттуу орунду ээлеши керек.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгондугун эске салды.

"Анын негизинде өлкөнүн беш жогорку окуу жайы уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статуска ээ болушту. Демек, ал окуу жайлары инновацияга жана атаандаштыкка татыктуу илимий борборлорго айлануусу шарт", - деди президент.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралмакчы.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий