• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР аймагында өндүрүлгөн товарларды мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө тескемеге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экономикасынын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Документке ылайык, КР министрлер кабинетине мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар үчүн ата мекендик өндүрүш товарларына белгиленген тартипте алып салууну белгилөө тапшырылды.

Бул чечим ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылыктуу негизде сатып алуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий