• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы – архивдик сүрөттөр

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата Санариптик өнүктүрүү министрлиги Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен сүрөттөрдү тартуулайт.

Бүгүн заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Атагы алыска кеткен улуу жазуучунун чыгармалары азыркы күнгө чейин адамзаттын бүйүрүн кызытып, адамдык сапаттарды жоготпоого үндөп келет.

Ал өзүнүн адабий ишмердүүлүгүндө кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү менен чектелбестен, дүйнөлүк адабият айдыңында маанилүү үнгө айланган. Анын «Жамийла», «Ак кеме» жана «Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Кош бол, Гүлсары!» сыяктуу чыгармалары кыргыз маданиятынын көркүн гана чагылдырбастан, жалпы адамзаттык сүйүү, адамдык боорукерлик жана акылмандык сыяктуу темаларды козгойт.

Залкар жазуучуну эскерүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлиги сиздердин назарыңыздарга фотогалерея тартуулайт. Бул фотосүрөттөр Чынгыз Айтматовдун улуу чыгармачылык рухунун мурасына урмат көрсөтүүнүн жана урматтоонун символу болуп саналат.

Залкар жазуучунун дүйнөлүк маданиятка, адабиятка кошкон салымы ар дайым эстен кетпейт!

Пикир

Оставить комментарий