• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев "Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: ТМУ 21-кылымда" талкуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анталья дипломатиялык форумундагы "Түрк дүйнөсүндөгү институтташтыруу: Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) 21-кылымда" темасындагы панелдик талкууга катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

маалыматка ылайык, бул дипломатиялык аянтчада түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы маселелерине арналган иш-чара биринчи жолу өткөрүлдү. Талкууга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Түркиянын парламентинин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да катышты. Модератор ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев болду.

Талкуунун катышуучулары ТМУнун потенциалын бекемдөө, интеграциялык процесстерди чыңдоо жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча пикир алмашышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө ТМУ алкагында кызматташуунун келечеги тууралуу пикири менен бөлүшүп, экономика, инвестиция, транспорттук артерияларды өнүктүрүү, гидроэнергетикага инвестиция жана «жашыл» долбоорлор сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн потенциалдуу багыттарын, жана ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерине каршы турууну белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн геосаясий туруксуздуктун фонунда интеграциялык процесстерди улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий