• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында, (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий