• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы прокурор “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 9-февралда, башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кактус Медианын” макаласына козголгон иш боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, “Кактус Медиада” жарыяланган макала боюнча Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан иш козголгон.

“Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертиза даярдалган. Азырынча жообу чыга элек. Макалада Кыргызстан биринчилердин болуп ок атты деген маалымат болгон. Өзүңүздөр билгендей, эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Ким болбосун баары бирдей жооп бериши керек. Сөз эркиндигин чектөө деген бизде ой дагы болгон жок. Биринчи май райондук прокуратурасы өзүнүн функционалдык милдетин аткарып, иш козгоду. Эгер тергөөдө далилденсе, анда жоопко тартылат”, - дейт Зулушев.

Эскерте кетсек, 27-январда “Кактус Медианын” сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Кийинчерээк “Кактус Медиа” жарыяланган макала тууралуу түшүндүрмө берген. Анда белгиленгендей, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (перепечатка) маалымат жарыяланган.

“Бул жарыяланган маалыматтын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (перепечатка) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий