• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын тургуну ӨКМдин өрт өчүрүүчү-куткаруучуларына ыраазычылык билдирди

Коом 0


Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ельцин көчөсүнүн тургуну Светлана Суслонова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү-куткаруучуларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

ӨКМден билдиришкендей, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында өрттүн жайылышына бөгөт коюлуп, үй сакталып калган.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Ельцин көчөсүндөгү турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшүп, окуя болгон жерге Октябрь районунун №5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт дароо өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн 3 чарчы метр жыгач полу күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий