• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызпочтасынын” кызматкерлери ардагерлерге бөлүнгөн жөлөкпулду ыйгарып алышты деп шектелүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. “Кыргызпочтасы” ишканасынын кызматкерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүнгөн жөлөкпулду ээлеп алышты деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Биринчи май райондук администрациясы Жеңиш күнүнө карата ардагерлер жөлөкпул төлөө үчүн 1 млн 48 миң 600 сом которгон.

Акча “Кыргызпочтасынын” эсебине которулган. Бирок 9-майга карата айрым ардагерлерге берилүүчү жөлөкпулду ишкананын кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Мамлекеттик бюджетке 80 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий