• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев 5-сентябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунда КР Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин салтанаттуу жолугушуусу болду.

Эки өлкөнүн туулары көтөрүлүп жана гимндери жаңырып, Ардактуу караул тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчылардын сүйлөшүүлөрү жүрөт.

Өлкө башчылар өз ара кызматташуунун кеңири маселелерин талкуулашмакчы.

Жыйынтыгында президенттердин катышуусунда бир катар эки жактуу документтерге кол коюлуп, басма сөз үчүн билдирүүлөр жасалат.

Пикир

Оставить комментарий