• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Руслан Казакбаев БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптардын 26-конференциясы боюнча регионалдык элчиси Дэвид Моранды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маектештер үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 12-ноябрына чейин Глазго шаарында (Улуу Британия) өтө турган КС-26га даярдык көрүү боюнча пикир алмашты.

Д.Моран КС-26га даярдык катары дүйнөлүк лидерлер саммитинин программасы жана айрым уюштуруучулук-логистикалык маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берди. Аймактык элчи алдыдагы конференциянын жүрүшүндө климаттык амбицияларын көрсөтүү жана климаттык каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Министр Казакбаев климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелеринин Кыргызстан үчүн маанилүүлүгү, Париж келишиминин максаттарына республиканын берилгендиги, 2030-жылга чейин парник газдарын азайтуу боюнча улуттук пландар жана 2050-жылга чейин көмүртек нейтралитетине жетүү ниеттери тууралуу маалымат берди.

Ал Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнө алсыз болгондуктан, деңизге чыга албаган тоолуу өлкө жана алдыдагы КС-26нын маанилүүлүгүн эске алып, бул глобалдык климат конференциясына Мамлекет башчысынын деңгээлинде катышууну пландап жатканын билдирди. Ал ошондой эле Улуу Британия тарапка КС-26га даярдык көрүү учурунда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү эки мамлекеттин эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу жана келечектүү багыты болуп калышы мүмкүн деген пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий