• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ШКУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана мамлекет башчысы болуп шайланышыңыз жалпысынан Сизге жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн ар тараптан өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, экономиканы ырааттуу модернизациялоого, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган курска болгон ишеним экенин айтып турат”,- деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Владимир Норов Садыр Жапаровдун турмуштук жана кесиптик тажрыйбасы, жигердүү ишмердүүлүгү тышкы саясат чөйрөсүндө чоң жетишкендиктерге жетүүгө жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы менен ролунун өсүшүнө өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий