• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад шаардык милициясына шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоону тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абадда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды текшерүүдө. Ал иш сапардын алгачкы күнүндө Жалал-Абад Токтогул райондук, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушту.

8-октябрда Аксы жана Ала-Бука райондук милициясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушуу учурунда кызматкерлерди ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга чакырды.

Алдыда боло турчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо, мыйзам бузуулар орун алган учурда ыкчамдык менен иш алып баруу керектигин белгиледи. Ички иштер органдарынын негизги милдети коомдук тартипти көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу экендигин айтып, шайлоо өнөктүгү учурунда үгүттөө иштерге милиция кызматкерлеринин аралашуусуна тыюу салынарын катуу эскертти.

Учурда Октябрь Урмамбетов Чаткал райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушууга жөнөп кетти. Андан соң иш сапары Жалал-Абад шаарын көздөй багыт алат.

Пикир

Оставить комментарий