• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унааларга жарык чагылдыруучу элементтер чапталууда

Аймак 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жүк ташуучу унааларга түнкүсүн жарык чагылдыруучу каражаттар тагылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш жол кырсыктарынын алдын алуу багытында башкармармалыктын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулган.

"Жарык чагылдыруучу каражаттар түнкүсүн жолдо жүргөн айдоочуларга жагымдуу шарттарды түзөт, өзгөчө жол жээктеги токтоп турган автоунааларга тагылган каржаттар алыстан жарык чагылдырып, бир катар жол кырсыктардан сактап каларын практика көрсөтүүдө.

Ошону менен бирге айдоочуларга кыш мезгилин эске алып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырып айдабастан, жол эрежелерин так сактоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - жеп белгилешти ведомстводон.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар облустун баардык шаар райондорунда уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий