• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Улукбек Марипов Египетте мекендештер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Марипов Каир шаарында кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи учурда Египетте окуп, иштеп жана жашап жаткан жарандарга Кыргызстанда социалдык-экономикалык тармактагы көрүлүп жаткан чаралар, өзгөчө жаштарга жана билим берүүгө тийиштүү маселелер жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын чет өлкөдөгү мекемелеринин чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү тапшырмалары жөнүндө кенен маалымат алышты. Мындан сырткары, аларга кыргыз-египет мамилесинин учурдагы абалы жана элчиликтин иши тууралуу маалымат берилди.

"Алар Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кандай учурда кандай маселелер менен кайрылса боло тургандыгын биле алышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий