• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги букмекердик кеңселер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.03.23./Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук акимчилиги букмекердик кеңселерди текшерүү боюнча рейддерди улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү даректер боюнча 5 букмекердик кеңсе текшерилди:

- Сүйөркулов көчөсү, 20/88 дарегиндеги "Вал-трейд Вал коин";
- Сүйөркулов көчөсү, 20/20 дарегиндеги "Ринго трейд ";
- Ахунбаев көчөсү,116а дарегиндеги "Ринго трейд";
- Ахунбаев көчөсү,124 дарегиндеги "1$ трейд";
- Ахунбаев көчөсү,22 дарегиндеги "Вин трейд".

Текшерүү учурунда букмекердик кеңселер салык кызматында катталган ишкердик ишмердүүлүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барары, алардын тиешелүү лицензиясы бар экендиги аныкталган. Текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталган эмес.

Жумушчу топ букмекердик кеңселердин администрациясы менен кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамсыз иштердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий