• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБиндеги авария. Кечке чейин 4 буу казан ишке берилет

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук борборунда кечке чейин 4 буу казан ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, жарылуунун кесепетинен ЖЭБдин түтүктөрүнөн суу агып, астыңкы бөлүгүнө суу толгон. Азыркы учурда суулар сордурулуп, кургатуу иштери жүрүп жатат.

"Мындан тышкары, электр жабдууларынын айрым бөлүктөрү жабыркаган. Сууну сордуруу жана кургатуу иштери толук бүткөндөн кийин электр энергияны берүү өз калыбына келтирилип, кечке чейин 4 буу казанды ишке беребиз деп турабыз. Муну менен Бишкек шаарынын жылуулук системасын мындан ары кармап турууга мүмкүн болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий