• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министрлиги: Бишкек ЖЭБиндеги кырсык объекттин эски бөлүгүндө болгон

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборундагы авария объекттин эски бөлүгүндө болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Министрдин орун басары күтүүсүз жагдай жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу болушу мүмкүн деген оюн айтты.

"Анткени жарылуу болгон ЖЭБдин буу казандары 1970-жылдары пайдаланууга берилип, өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аткарып бүткөн. Андан кийин зарылчылыкка жараша оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Акыркы оңдоо иштери 2023-жылдын аягында жүргүзүлүп, 31-декабрда ишке киргизилген", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган болжол менен түнү саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий