• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы 100дөн ашык кыргызстандыкка иш берүүчү тартып алган паспортторун кайтарып берүүгө жардам берилди

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Россиядагы 100дөн ашык эмгек мигрантына иш берүүчү тартып алган паспортторун кайтарып берүүгө жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылышкан.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук тарабынан берилген маалыматтын негизинде жабырлануучулар Россия Федерациясындагы "Модуль" компаниясынын жардамы менен ишке орношуп, аларга жакшы иштөө шарттарын жана айлык акыларын сунуштаган. Бирок Россия Федерациясынын аймагына келгенде ишкананын жетекчилери 100дөн ашык кыргыз жарандарынын паспортторун жана башка документтерин тартып алып, аларды оор жана кооптуу шарттарда, эмгек акысын төлөбөстөн жана социалдык кепилдиктерин бербей иштөөгө мажбурлашкан.

Буга байланыштуу, Борбор жабыр тарткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүү үчүн КР ИИМинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматына тиешелүү билдирүүлөрдү жөнөттү. Натыйжада, КР Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 1-бөлүгү "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" боюнча кылмыш ишин козгоду.

Борбор чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарын сергек болууга, ортомчу фирмалардын жана иш берүүчүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.

Мыйзамдуулукту борбордун www.migrant.kg расмий сайтынын Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер– Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин тизмеси бөлүмүнөн текшерсеңиз болот.

Ошондой эле, Борбор эскертет, КР "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн "Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, кыргыз жарандар борбордун ишеним телефондору аркылуу чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча акысыз консультация жана маалыматтык колдоо алууга укуктуу.

  • +996 559 189 900
  • +996 224 550 332
  • +996 227 550 332

Пикир

Оставить комментарий