• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Кочкоров Эл аралык эмгек уюмунун өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия бюросунун жана Татыктуу эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобунун өкүлү Лео Сиббел менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эмгекти коргоо, эмгек мамилелери, эмгек багытындагы алдыдагы эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Ага кошумча Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандын эмгек мыйзамдарына тийиштүү тыянак жана сунуштары айтылды.

2019-жылы ЭЭУнун 100-жылдыгы белгиленип жатканына байланыштуу министрлик “Эмгек тармагындагы болочок” Дүйнөлүк демилгенин алкагында ЭЭУ менен биргеликте бир катар иш-чара өткөрүүнү ойлонуштуруп жатканын билдирди.

Жолугушунун жыйынтыгында министр эмгек тармагындагы мыйзамдарды жакшыртууга, ошондой эле эмгек мамилелери системасында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө аракет кыларына убада кылды.

“Биз калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө, жарандарды иш менен камсыздап, татыктуу жумуш шарттарын түзүүгө жардам беришибиз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий