• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кара-Сууда желекти алмаштырууга тендер жарыяланды деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Кара-Сууда эски желекти алмаштырууга 300 миң сомдук тендер жарыяланды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта президенттин сүрөтү менен желекти алмаштырууга тендер жарыяланды деген маалымат тараган.

"Бул фейк маалымат, эч кандай тендер жарыяланган жок", — деп баса белгиледи президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий