• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСКнын лотереясынын башкы байгелеринин утушуна 425 миңден ашык адам катышууда

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.

Бүгүн 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт.

Бүгүнкү лотереяга 19 млн 118 миң 59 ID-номерлери менен 425 миңден ашуун адам катышууда. Лотереянын катышуучулары "Салык чек" тиркемеси аркылуу 19,7 млрд сомдон жогору суммада кассалык чектерди сканерлешти.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1219 баалуу байге ойнотулду, анын ичинде 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени.

Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Пикир

Оставить комментарий