• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздиги жок – департамент

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздиги жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Украинадагы кырдаалга байланыштуу дары-дармек жеткирүүдө көйгөйлөр байкалган, бирок фармкомпаниялар Россия жана Түркиядан альтернативдүү жеткирүүчүлөрдү табышты.

“Азыркы учурда өлкөгө дары-дармек ташып келинүүдө жана жеткиликтүүлүк боюнча кыйынчылыктар жана анын жетишсизди жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий