Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын жалпы январь-март айларында 17 миң 608 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Ошонун ичинде 2022-жылы март айында 4014 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1009 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Пикир
Оставить комментарий