• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү 2 МТС уюшулду

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү 2 ишкана ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы республиканын аймактарында 3 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын бирөөсү муниципалдык жана экөөсү жеке менчик, ал эми 2023-жылдын алгачкы 2 айында 2 жеке машина-трактордук станцияларды (МТС) уюшулган.

"Ал эми КР өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандан бери жалпысынан 127 МТС уюшулуп, алардын 50 муниципалдык, 77 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет жана алардын карамагында 2000 жакын ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий