• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин кайсы көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери аяктады? Тизме

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бишкектин жолдорунда кемчиликтерди жоюу иштери жигердүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Л.Толстой көчөсүнүн Т.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Гвардия бульварына чейинки тилкесинин түндүк тарабында жана Л.Толстой көчөсүнүн Ж.Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинин түштүк тарабында иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндө Каралаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин жана Юнусалиев көчөсүндө М.Горький көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин чуңкурлар жамалууда.

Бүгүнкү күндө төмөнкү 18 көчө тилкесинде чуңкурлар жамалды:

- Дэн Сяопин проспектиси боюнча Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Фучик көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Байтик-Баатыр көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Шабдан Баатыр көчөсү менен 7-апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Жаш Гвардия бульвары боюнча Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Махатма Ганди көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Маевкага чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Т.Молдо көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- М.Горький көчөсү менен 7-апрель көчөсүнөн Фатьянов көчөсүнө чейинки түндүк тарабы;
- Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Кулиев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсү менен Т.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Гвардия бульварына чейин (түштүк тарабы);
- Курманжан Датка көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсү менен;
- Исанов көчөсү менен Ташкент көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Шопен көчөсү менен Юнусалиев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, тургундардын кайрылуулары боюнча өзүнчө топ түзүлүп, төмөнкү кесилиштерде жолдогу кемчиликтер жоюлду:

- Лев Толстой жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде,
- Бишкек Парк соода борборунун каршысында;
- Кулатов - Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Л.Толстой - Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Ч.Валиханов көчөсү, 1а/1;
- Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Орозбекова-ЧЧКнын кесилишинде;
- Байтик Баатыр - А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде темир торду көтөрүү менен;
- Ынтымак паркынын аймагында;
- Шопоков-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- ЦУМ соода борборунун каршысында;
- Манас проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде;
- Юнусалиев көчөсү, 102/4;
- Л.Толстой менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде.

Пикир

Оставить комментарий