• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган — Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы сумманын ичинен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2022-жылга 4 млрд 600 млн сом суммасында каражат каралган.

“2022-жылдын алты айында жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 млрд 142,3 млн сомду түздү. Анын ичинен учурдагы бюджет боюнча 1 млрд 895,3 млн сом жол битумдарын сатып алууга жумшалды”, - дейт ал.

Министр белгилегендей, 20 миң тонна өлчөмүндө битумду алып келүү үчүн “Казахбитум” заводу менен келишим түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө 14 миң 300 тонна битум кабыл алынып, аймактарга жеткирилди”, - деди Осоев.

Пикир

Оставить комментарий