• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Словениянын ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрү өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Словениянын вице-премьер-министри - тышкы иштер министри Таня Файон менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эки тарапты кызыктырган маселелерин талкуулашты.

Биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, министр Кулубаев биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, "жашыл экономикага"» өтүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде гидроэнергетика, ошондой эле туризм жана кайра иштетүү өнөр жайын белгиледи. Маданий-гуманитардык чөйрөдө студенттердин өз ара алмашуу программаларын кеңейтүүгө басым жасалды.

Тараптар ошондой эле аймактык күн тартибин талкуулашты, орун алган коркунучтарды жана чакырыктарды, Борбордук Азия менен бүтүндөй Евробирликтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Словениянын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери басма сөзгө билдирүү жасашып, Кыргызстан менен Словениянын ТИМдеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Андан соң министр Кулубаев Словениянын "RTV Slovenja" телероадиокомпаниясынын кабарчыдарына өзүнчө интервью берди.

Иш сапардын алкагында Словениянын тышкы иштер министри Файонду КР президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Аакылбек Жапаров кабыл алып, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушат.

Муну менен катар 2023-жылдын 10-февралынын биринчи жарымында Бишкек шаарында Словениядан 15 ишкер катышкан биринчи кыргыз-словения бизнес форуму өткөрүлдү. Форумдун жүрүшүндө кыргыз жана словениялык ишкерлер түз байланыштарды түзүштү; кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий