• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде бажычылар 3 тоннадан ашык контрабандалык лимон менен анарды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Баткенде бажычылар 3 тоннадан ашык контрабандалык лимон менен анарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Баткен шаарында Г.Н.И. аттуу кыргызстандыктын башкаруусунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн салмагы 6,5 кг болгон 214 кутудан лимон табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 1391 кг түзгөн. Жүк бажылык тариздөөнү өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 139 миң 100 сомду түздү.

Ошондой эле М.С.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Автотранспорттун жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 59 куту анар жана 10 куту өлчөмүндө лимон табылган, кармалган жүктүн жалпы салмагы 1715 кг түзгөн. Бул учурда дагы айдоочуда бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий