• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кочкордо 3,7 млн сомдук имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Кочкордо 3,7 млн сомдук имарат жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Жүндүбаева атындагы орто мектептин отканасынын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси Кочкор айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз буйруктарынын негизинде менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Э. Кочкор райондук сотунун чечими менен күнөлүү деп табылды. Ошондой эле Кочкор айыл өкмөтүнүн буйруктары жараксыз деп белгиленди.

"Мамлекеттин менчигине кайтарылган мектепке тиешелүү имарат жана 1946 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси базар баасы боюнча 3 млн 750 миң сомду түзөт", - кошумчалашты башкы көзөмөл органынан.

Пикир

Оставить комментарий