• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги инфекциялык ооруканасынын курулуш иштери ушул айдын аягында бүтөт - Мамкурулуш агенттиги

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуп жаткан жаңы корпусунун ички жана тышкы дубалдарын каптоо жана чатырын жабуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Уланбек Калманбетов билдирди.

Анын айтымында, жылуулук катарында тыгыздыгы 120 кг/м3 болгон минераловаттык плиталар колдонулууда.

"Оорукананын жаңы корпусу сегиз баллдык жер титирөөгө ылайыкталган катуу темир каркастан курулуп жатат. Дубалдын тышкы бөлүгү ар кандай материалдардын бир нече катмарынан турат. Оорукана бардык курулуш жана санитардык талаптарга жооп берет", - дейт ал.

Калманбетов белгиленгендей, жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы корпусунун курулушу ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий