• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марс Сариев: Кыргызстандын президентинин Астанага сапары — БАдагы интеграциянын жаңы деңгээли

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Саясий серепчи Марс Сариев "Кабар" агенттигине маек берип, Кыргызстандын президентинин алдыда Казакстанга боло турчу расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эксперттин айтымында, Борбордук Азияда терең жана толук масштабдуу интеграциянын маанилүү негизи түптөлүүдө.

"Аймактагы абалды түп-тамырынан бери өзгөртө турган чечимдер күтүлүүдө. Белгилүү болгондой, Казакстандын президенти Токаев буга чейин Өзбекстанга барып, союшдаштыкты бекемдөө боюнча ушундай келишимдерге кол коюлган. Ага чейин Азербайжанга иш сапары болгон, эми Астанада Садыр Жапаров менен маанилүү жолугушуу күтүлүүдө.

Мен аймактагы өлкөлөр өз ара мамилелерде, анын ичинде аскердик-техникалык өз ара аракеттердин жаңы деңгээлине чыгып жаткан абалын байкап жатабыз деп эсептейм.

Москвада концерттик залда болгон жаңжалдын жана террордук чабуулдардын ыктымалдуулугу өтө жогору болуп турган турбуленттүү геосаясий кырдаалды, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну эске алуу менен Борбордук Азия өлкөлөрү эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо. Сапаттык жактан алганда бул өз ара аракеттенүүнүн такыр башка деңгээли, экономикалык байланыштарды чыңдоо менен бирге коопсуздук маселелери тышкы контурда да, мамлекеттердин ичинде да макулдашуу менен чечилет.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн келишимдер жана башка коңшу өлкөлөр менен ушундай эле ыргакта болуп жаткан өз ара аракеттер Борбордук Азияда бирдиктүү геоэкономикалык жана аскердик-саясий биримдик, биргелешкен аймак түзүлүп жатканын күбөлөндүрөт. Бул документтердин топтому ишеним жана достук принциптерине негизделген толук масштабдуу интерграция үчүн пайдубал түптөөгө шарт түзөт. Мындай биригүү учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды эске алганда азыр абдан зарыл", - деди Марс Сариев.

Пикир

Оставить комментарий