• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөдөгү эпидемилогиялык кырдаал курч – дарыгер кызамык тууралуу

Ден соолук 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Өлкөдөгү кызамыкка байланыштуу кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын педиатр-инфекционист дарыгери Азиз Шейимбетов билдирди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 8-апрелге карата өлкөдө 7 миң 864 учур катталды.

Шейимбетовдун айтымында, оорунун катталуусу уланууда, өсүү динамикасы сакталууда. Балдар ооруканага түшкөндө, бул кызамык болушу мүмкүн экенин түшүнүү керек, анткени кызамык менен КРВИнин симптомдору абдан окшош. Кызамык курч түрдө башталат: алсыздык, шалдыроо, табиттин жоктугу, бул симптомдордун бардыгы КРВИде кездешет. Бул оорунун катаал экенинен кабар берет.

“Көптөгөн ата-энелер сасык тумоо деп ойлоп, ооруканага барат же үй шартында дарылайт. Бирок, кызамыктын өзгөчө белгилери бар экенин билүү зарыл. Дарыгерлер стоматит, көздүн кызарышы, шишиши, жаш агышы жана исиркектерди көргөндө кызамык экенин аныктайт. Кызамык менен ооруганда исиркектер этап-этабы менен пайда болуп, жогорудан ылдыйга карай чыгат. Эгерде ата-энелер бул белгилерди байкаса, дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл”, - деди ал.

Шейимбетов белгилегендей, кызамык башкарууга багына турган инфекциялардын катарын толуктайт. Вакцинанын жардамы менен аны башкарууга болот. Бирок, азыр вакцинадан баш тарткандар көп болгондуктан, ооруну басууга мүмкүн болбой жатат.

Дарыгер эскерткендей, кызамыктын өөрчүшү ар кандай жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн: мээнин жабыркашы, отит, стоматит, ичеги-карын оорулары, пневмония жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий