• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ири геологиялык форум өтөт

Экономика 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бишкекте ири геологиялык форум өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"MINEX — Борбор Азия" аталыштагы иш-чара ушул жылдын 19-20-июнуна белгиленген.

Форумдун башкы темасы — “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” болмокчу.

Аянтча бир катар геологиялык маанилүү маселерди талкуулоого жана өз ара пикир алмашууга мүмкүндүк берет.

Алсак презентациялар жасалып, минералдык-чийки зат ресурстарын өнүктүрүүгө, жашыл энергетиканы калыптандырууга жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жана технологияларды тартуунун келечеги тууралуу талкуулар уюштурулат.

Форумга Борбор Азиянын, Европанын, Кытайдын, Түндүк Американын жана Жакынкы Чыгыштын 30 өлкөсүнүн компаниялары жана уюмдары катышуусу күтүлүүдө.


Маалымат үчүн: буга чейин MINEX форуму 2018-жылы Казакстанда өткөн .

Пикир

Оставить комментарий