• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП өсүшү 3,5%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 557,1 млрд сом суммасында саналып, анын реалдуу өсүү темпи 3,5%ды түздү. Бул туурасында өлкөнүн 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, экономикалык өсүш бардык тармактар аркылуу камсыздалган: айыл чарбада – 2,7 %, курулушта – 7,8 %, тейлөө тармагында – 2,1 %, өнөр жайда 5,5 % реалдуу өсүш орун алган.

Ал кошумчалагандай, экономикадагы орун алган көрсөткүчтөрдүн натыйжасында, товар өндүргөн тармактардын ИДП номиналдык түзүмүндөгү үлүшү 39,0 % түзүп, тейлөө көрсөткөн тармактардын үлүшү 46,8 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн түзүлүшүндө негизги жагымдуу факторлор катары өлкөдөгү социалдык-саясий туруктуулук, текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын кыскартуу жана башка мамлекеттик жөнгө салуу чаралары аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алтынга карата баанын орточо 1,0 % га өсүшү жана соода жүргүзүүдөгү негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өсүш айтылды.

Инфляция деңгээлин мүнөздөгөн керектөөчү баалардын көрсөткүчү 100,5%ды түздү (2017-жылдын декабрына салыштырмалуу 2018-жылдын декабры). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2017-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 2018-жылдын январь-декабры) 101,5 % түздү.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 203,8 млрд сом суммасындагы дүң айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн. Өнөр жай ишканалары тарабынан 250,6 млрд сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн. ИДП өндүрүш түзүмүндөгү өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,6 % түзгөн.

Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмүнүн жогорулашы байкалууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 150,8 млрд сомду түзүп, 3,3 %га жогорулаган.

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь-ноябрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5967,6 млн АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,2 %га жогорулаган.

Мындан тышкары, экономика министри өлкө аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө кенен маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн министрлик жана ведомство жетекчилеринин көңүлүн донордук коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан макулдашуулардын жана милдеттенмелердин тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы боюнча айрым окуяларга карай нааразычылык айтылып жаткандыгына бурду.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы өлкө экономикасын стимулдаштыруу үчүн инвестицияларды тартуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча долбоорлорду ишке ашырууда облустар чегинде диспропорция байкалууда, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик жетекчилерин жер-жерлерде ишкерликти колдоого алуу процессине активдүү киришүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Премьер-министр 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2017-жылга салыштырмалуу 348,8 млн АКШ долларына жогорулагандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле кошумчалагандай, кечээ Россия Федерациясына эт жана эт продукциясын ташууга чектөө алынып салынган, бул экспорттун көлөмүн жогорулатууга жагымдуу шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий