• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакетаев: Энергетика тармагына 17 млрд, азык-түлүк коопсуздугуна 8,5 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. 2021-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 6,4 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, быйыл бул тармакка 17 млрд сом каралууда.

“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында энергетика тармагына 6 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул өткөн жылдын бир жылдык бөлүнгөн каражатына барабар”, - дейт ал.

Бакетаев мындан сырткары, азык-түлүк коопсуздугуна 8,5 млрд сом каралганын айтып, анын 5,8 млрд сому бөлүнгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий