• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министри бюджетке канча каражат түшкөнү жана ал кайда жумшалганы тууралуу айтты

Экономика 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкекте өтүп жаткан брифингде бюджет канча киреше тапкандыгы жана каражат кайда жумшалгандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 млрд сомго, ал эми анын аткарылышы 190 млрд сомго жетти.

Ал белгилегендей, былтыркыга салыштырмалуу өсүш 53,4 млрд сомду түздү.

«Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда, өсүү темпи 150% деңгээлинде кармалууда, бул ресурстар үчүн негизги көрсөткүчтөр. Биринчи жарым жылдыкта 72,7 млрд сомго жакын салык, 31,7 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду», - деди ал.

Бакетаев баса белгилегенедей, социалдык тармакка 65,4 млрд сом, реалдуу секторго 41,6 млрд сом, мамлекеттик карызды тейлөөгө 16,4 млрд сом жана мамлекеттик башкарууга 7,6 млрд сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий