• 88.68
  • 95
  • 0.95

Барскоондо козу карын тергени кетип жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Барскоон капчыгайына 17 жаштагы А.Ж., аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-июлда Барскоон капчыгайына козу карын тергени чыгып кеткен Кичи-Жаргылчак айылынын 17 жаштагы тургуну дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 18:00 чамасында келип түшкөн.

Жерине издөө иштерине 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, түнкү саат 11де издөө токтотулган.

Бүгүн таңкы саат 05:20да баланын сөөгү туугандары тарабынан табылып, Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери сөөктү тоодон түшүрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий